- Факультеттер
- Экономикалык-юридикалык факультети
- Философия жана гуманитардык илимдер кафедрасы
- Жаңылыктар
“Эч ким, эч нерсе, эч качан унутулбайт!”

Улуу Ата-Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнүн 80 жылдыгына арналган тарбиялык иш-чара: 9-Май — Улуу Жеңиш күнү ар бир жарандын жүрөгүндө ыйык орунду ээлеген күн. Бул күндү белгилөө максатында экономикалык-юридикалык факультетинин Ш.М. Ниязалиев атындагы философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы жана “Социалдык иш” адистигинин 2 жана 3-курсунун студенттери Жалал-Абад шаарындагы согуштун жана тылдын ардагери Семоченко Валентина Павловна менен жолугушууга барышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө кафедра башчысы, философия илимдеринин кандидаты, доцент Р.К. Шамшиев ардагерге терең ыраазычылык билдирип, жаш муун үчүн мындай жолугушуулардын маанисин баса белгиледи. Ардагер Валентина Павловна өзүнүн жашоо жолу, согуш мезгилиндеги эскерүүлөрү жана тынчтык үчүн күрөшкөн жылдар тууралуу баяндап берди. Ошондой эле кафедранын мүчөлөрү — философия илимдеринин кандидаты, доцент Г.Т. Токтогулова, ага окутуучу Ы.М. Кожоназарова, окутуучу Н.С. Алдозова — өз сөздөрүндө студенттерди Ата Мекенди сүйүүгө, аны ардактоого жана коргоого, ошондой эле патриоттуулукка, эр жүрөктүүлүккө, боорукерликке жана күжүрмөн эмгекчилдикке үндөп, мындай иш-чаралардын тарбиялык жана руханий мааниси чоң экендигин белгилешти.
Мындан тышкары, СКк-1-22 тайпасынын студенти Орунбаева Нуриса жана СКк-1-23 тайпасынын студенти Ирисбаев Кутман тарабынан аткарылган “Катюша” аттуу патриоттук ыр ардагердин маанайын көтөрүп, иш-чарага өзгөчө рухий атмосфера тартуулады. Жолугушуу жылуу маанайда өтүп, студенттер үчүн чоң тарбиялык мааниге ээ болду. Студенттер ардагерге майрамдык белектерди, гүлдөрдү тапшырышып, ыр жана куттуктоо сөздөр менен иш-чараны улантышты.
Иш-чаранын соңунда кафедранын профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер шаарыбыздын Жеңиш паркына жол тартып, Өчпөс отко гүл коюшуп, Улуу Жеңиштин баатырларына таазим кылышты. Кафедра башчысы Р.К. Шамшиев жана 3- курстун студенти Ирисбаев Кутман “Эстелик” ырын ырдашып, ошондой эле 2-курстун студенттери Жусубалиева Зарина, Сайпидинова Курманжан, Тыныбекова Айгерим Жеңиш күнүнө арналган ыр саптарын тартуулашты. Иш чара өз максатына жетти.
Бул күнү студенттер патриоттук сезимди, тарыхты унутпоо зарылдыгын жана өткөн муундарга болгон таазимди дагы бир ирет жүрөктөрүнө түйүштү.
“Эч ким, эч нерсе, эч качан унутулбайт!” — бул ураан жаштардын эсинде түбөлүк сакталат.