- Факультеттер
- Экономикалык-юридикалык факультети
- Философия жана гуманитардык илимдер кафедрасы
- Жаңылыктар
“Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу

2025-жылдын 14-мартында Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун экономикалык-юридикалык факультетинде Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун "Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик" уңгужолу жарлыгын ишке ашыруу максатында профессордук-окутуучулук курам жана факультеттин социалдык иш, юриспурденция, экономика багытында билим алып жаткан студенттерине кереге кеңеш өткөрүлдү.
Кереге кеңешке ЭЮФтун профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы Р.К.Шамшиев, Г.Т.Токтогулова, А.О.Шерматов, М.И. Мамытов, Ы.М. Кожоназарова, Н.С. Алдозова, А.А.Усенов жана факультеттин студенттери катышты. Бул иш-чарада Кыргыз Республикасынын жарандарынын эң башкы байлыгы жана сыймыгы - эгемен мамлекети экендиги, “Манас” эпосу сыяктуу руханий баалуулуктардын ээси экендиги, кыргыз эли эл болуп жаралган тарыхтан тарта ушул күнгө чейин уңгужолдун учугун улап келгендиги, улуттук нарктуулуктарын сактай билгендиги, мамлекеттик тилди жоготпой азыркы муунга өткөрүп бергендиги, келечекте дагы улуттук менталитеттин толук сакталуусу шарт экендиги белгиленди. Профессор Ш.М.Ниязалиев атындагы философия жана гуманитардык илимдер кафедрасында өткөрүлгөн бул талкуу Кыргызстандын улуттук деминин өнүгүүсү жана дүйнөлүк бийиктиктерге жетиши үчүн билим берүү, маданият, экономика жана саясат тармактарында биргеликте аракет кылуунун маанилүү экенин көрсөтүп, бул багытта мындан аркы иштерге шыктандырды.