- Факультеттер
- Экономикалык-юридикалык факультети
- Философия жана гуманитардык илимдер кафедрасы
- Жаңылыктар
“МЫКТЫ ОКУТУУЧУ” ЭЮФДА АНЫКТАЛДЫ

ЖАМУнун профессордук-окутуучулук курамынын арасында өткөрүлүүчү Мыкты профессор, Мыкты доцент, Мыкты улук окутуучу, Мыкты окутуучу аталышы боюнча конкурстун алкагында Экономикалык-юридикалык факультетинде окутуучу Усенов Адилет Алимжанович Соцалдык иш багытынын 2-курсунун студенттери СКк-1-23 тайпасына “Социалдык иштин усулу жана технологиясы” дисциплинасы боюнча “Жаштар менен иштөөнүн социалдык технологиялары” деген темада ачык саат өттү. Аталган ачык саатка ЭЮФтун деканы э.и.д., профессор А.К. Аскарова жана факультеттин профессордук-окутуучулук курамы катышышты.
“2024-2025-окуу жылында факультеттеги билим берүү процессинин сапатын тереңдетүү, профессордук-окутуучулук курамдын ишмердигинин эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана педагогикалык ишмердүүлүгүн стимулдаштыруу максатында өткөрүлүп жатат. Ошондой эле, бул сынакка жаш окутуучу Усенов Адилет Алимжановичти сунуштап жатабыз. Анткени, анын өтүлө турган сабактын план конспектиси, сабактын уюштурулушу, сабактын максатынын коюлушу, сабактын жабдылышы (жаңычылдыгы), сабактын формасы, колдонулган усулунун заманбаптыгы, интерактивдүү методдор жана интерактивдүү досканы пайдалануусу мыкты уюштурулду.” – деп баса белгиледи ЭЮФтун деканы э.и.д., профессор Аскарова Айнура Каныбековна.