- Факультеттер
- Экономикалык-юридикалык факультети
- Философия жана гуманитардык илимдер кафедрасы
- Жаңылыктар
"Ооган согушунун ардагерлеринин эрдиги жана Ата Мекенди коргоочулардын күнү: Урматтоо жана мурас"

2025-жылдын 19-февралында Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун экономикалык-юридикалык факультетинин профессор Ш.М.Ниязалиев атындагы философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы жана социалдык иш адистигинин 2-3 курстун студенттери факультеттик деңгээлде 15-февраль Ооган согушунда курман болгондорду эскерүү жана 23-февраль Ата Мекенди коргоочулардын күнү – Кыргызстандагы маанилүү күндөрдүн бири болуп эсептелген жана ардагерлерди эскерүү жана алардын эрдигин урматтоо максатында чакан концерттик программасын тартуулашып, маанайларын көтөрүштү жана өздөрүнүн даярдаган чакан белектерин тапшырышты.
Иш чаранын жыйынтыгында кафедранын Ооган согушунун ардагерлери улук окутуучулар А.О. Шерматов жана М.И. Мамытовдорго сөз беришип, ардагерлер өздөрүнүн тажрыйбалары, согуш мезгилиндеги кыйынчылыктар жана Ооганстандагы кызмат өтөө убактысындагы эрдиктери тууралуу айтып беришти. Факультеттин студенттери тарабынан суроо-жооптор берилип, иш чара өз максатына жетти.