1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Экономикалык-юридикалык факультети
  4. Философия жана гуманитардык илимдер кафедрасы
  5. Жаңылыктар

6 месяцев назад

159

1

3-декабрь ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын Эл аралык күнү

2024-жылдын 29-ноябрында экономикалык-юридикалык факультетинин профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы жана социалдык иш адистигинин студенттери 3-декабрь бүткүл дүйнөлүк ден соолугунун  мүмкүнчүлүгү  чектелген жарандардын Эл аралык күнүнө карата “Боорукер бол” кайрымдуулук акциясын уюштурушуп, Жалал-Абад шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында каттоодо турган мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга студенттер чакан концерттик программасын тартуулашып, маанайларын көтөрүштү жана өздөрүнүн даярдаган чакан азык-түлүк баштыктарын тапшырышты. Иш чаранын жыйынтыгында социалдык коргоого муктаж жарандарыбызга колдоо багытындагы иш аракеттердин улантыла тургандыгы белгиленди.   

Боорукердик жана көңүл буруу гана дүйнөнү сактап калат!