- Факультеттер
- Экономикалык-юридикалык факультети
- Философия жана гуманитардык илимдер кафедрасы
- Жаңылыктар
“Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнүнө” карата
Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун экономикалык-юридикалык факультетинин профессор Ш.М.Ниязалиев атындагы "Философия жана гуманитардык илимдер" кафедрасынын Социалдык иш багытынын студенттеринин катышуусунда 19-октябрь “Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнүнө” карата майрамдык иш-чара болуп өттү.
Факультеттин деканы профессор Аскарова Айнура Каныбековна маданий иш-чараны ачып, социалдык кызматкерлерди жылуу куттуктап 19-октябрь “Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнүнө” карата өздөрүнүн милдеттерин так жана ак дилден аткарып, жарандардын социалдык жардамга муктаж чөйрөсүн жашоо шартын жакшыртуу багытында кошкон салымы үчүн философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын улук окутуучусу Кожоназарова Ырысгул Мырзалиевна, экономикалык-юридикалык факультетинин тарбия иштери боюнча декандын орун басары Абдыманап кызы Нурияга Жалал-Абад шаардык мэриянын ардак грамоталарын тапшырды.
Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө социалдык иш багытынын студенттери концертик программа тартуулашып, жалпы катышуучуларга майрамдык шириндиктерди таратышты.