1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Экономикалык-юридикалык факультети
  4. Философия жана гуманитардык илимдер кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 месяца назад

81

БАРПЫ ТААНУУ БАШКЫ МИЛДЕТИБИЗ!

2024-жылдын 8-октябрында социалдык иш адистигинин 3-курсунун студенттери жана профессор Ш.М.Ниязалиев атындагы философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы катышкан   “Барпы таануу башкы милдетибиз” деген аталышта тегерек стол болуп өттү.

Бул иш-чарада ф.и.к., доцент Г.Т.Токтогулова “Барпы Алыкуловдун агартуучулук идеялары” темасында, улук окутуучу Ы.М. Кожоназарова “Барпы Алыкуловдун дүйнө таанымы”, окутуучу А.А.Усенов “Барпынын чыгармаларынын тарбиялык мааниси”, СКк-1-22 тайпасынын студенти Талайбекова Диана “Барпы Алыкулов көп кырдуу талант” аталышында баяндама жасашты. Тегерек столго катышуучулар тарабынан суроо-жооп жана талкуулар болду. Социалдык иш адистигинин студенттери Барпы Алыкуловдун ырларынан көркөм окушуп, анын өрнөктүү өмүрүнө кызыгышты.

Жыйынтыгында, Барпы таануу башкы милдеттерибиздин бири экендигине басым жасалып, анын өрнөктүү өмүрүн даңазалоону колго алуу демилгеси көтөрүлдү.