- Факультеттер
- Экономикалык-юридикалык факультети
- Философия жана гуманитардык илимдер кафедрасы
- Жаңылыктар
ЭНЕ ТИЛИМ БОЛБОСО, КӨРКӨМ ОКУЙ АЛБАЙМЫН
Бүгүн 2024-жылдын 23-сентябрында социалдык иш адистигинин 2-курсунун студенттери жана профессор Ш.М.Ниязалиев атындагы философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы катышкан көркөм окуу формасында “Эне тилим болбосо, көркөм окуй албаймын” деген аталышта мамлекеттик тилди даңазалаган иш-чара болуп өттү. Бул иш-чарада активдүүлүгү менен өзгөчөлөнгөн студенттердин катарында Алмаш Абдимиталипова, Актилек Садиржанов, Акылай Молдалиева, Мараталы кызы Назбийке, Курманжан Сайпидинова, Зарина Жусубалиевалар болушса, профессордук-окутуучулук курамдан окутуучу А.А.Усенов жана доцент Г.Т.Токтогуловалар да тилдин маани-маңызын даңазалашты. Келечек ээлери болуп саналган студенттерди мамлекеттик тилди билүүгө тарбиялоодо, көркөм окуунун да мааниси терең экендиги белгиленди.