КВАЛИФИКАЦИЯ АЛДЫНДАГЫ ПРАКТИКАНЫН ОТЧЕТТУК КОНФЕРЕНЦИЯСЫ БОЛУП ӨТТҮ
Экономика багытынын “Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит”, “Финансы жана кредит” профилинин студенттеринин 4 жумалык практикасы бүткөндүгүнө байланыштуу, квалификация алдындагы практиканын отчетторун кабыл алуу боюнча конференция уюштурулду.
Аталган конференцияга карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башкы адиси Жолдошалиева Нурия Султановна, кафедранын башчысы, практиканын жетекчилери жана студенттер катышып, практиканттар тарабынан даярдалган баяндамалар презентацияланды.
Студентердин отчеттору өндүрүштүк практиканы өтөө боюнча жобонун негизиндеги баалоо критерийлери жана өндүрүш жетекчилеринин берген мүнөздөмөлөрүнүн негизинде бааланды. Практиканттар тарабынан практиканын жүрүшүнө байланышкан ой пикирлер, сунуштар айтылды.
Студенттер тарабынан айтылган сунуштар, кийинки практикаларды уюштурууда колго алына тургандыгын кафедра башчысы белгилеп өттү.