1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Экономикалык-юридикалык факультети
  4. Экономика, эсеп жана каржы кафедрасы
  5. Жаңылыктар

9 месяцев назад

363

БИЗ БАНГИЗАТКА КАРШЫБЫЗ -  ӨЗ ӨМҮРҮҢДҮ БААЛА

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун экономикалык-юридикалык факультетинин экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын ага окутуучусу Аширалиева Бактыгүл  ЭКк-1-23 тайпасына “ Биз бангизатка каршыбыз -  өз өмүрүңдү баала” - деген темада куратордук сабак өтүлдү.

Куратор Аширалиева Бактыгүл  баңги заттын зыяндуулугу адамдын эс тутумунун начарлашына, мүнөзүнүн өзгөрүүсүнө, акыл-эс тутумунун төмөндөшүнө алып келип, ага болгон  көз карандылыкты жаратышы мүмкүн экендигин айтты.  Бангизат пайдалануучулар кимдер жана алар укуктук жактан кандай жоопкерчиликке тартыла  тургандыгы тайпа студенттер таоабынан даярдалган баяндамаларда жана презентацияларында  айтылып, талкууланды.     

Куратордук ачык сабакка ЭЮФтун тарбия иштери боюнча декандын орун басары Абдыманап кызы Нурия катышты. Куратордук сабак кызыктуу өтүлүп презентация, макала жана дубал газеталар менен жабдылды.