БАҢГИЗАТТЫН АДАМЗАТКА ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ
Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун экономикалык-юридикалык факультетинин экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын окутуучусу Ч.С. Орозова тарабынан ФКк-1-21 тайпасына “Бангизаттын адамзатка тийгизген таасири” - деген темада куратордук ачык сабак өтүлдү.
Куратор Орозова Ч.С. баңги зат боюнча студенттерге баңги затты колдонуунун натыйжасында психоз, эс тутумдун начарлашы, мүнөздүн өзгөрүшү, акыл-эс жөндөмдүүлүгүнүн төмөндөшү, моралдык деградация жана инсандык өзгөрүүлөр, анын ичинде толук кыйроо пайда болушу, б.а. баңги зат – адамдын психикалык жана физикалык абалын өзгөртүүчү зат экендиги жөнүндө кеңири маалымат берип өттү. Алар борбордук нерв системасына таасир этип, эйфорияны пайда кылып, ооруну басаңдатып же көз карандылыкты жаратышы мүмкүн экендигин баса белгиледи.
Ачык сабака ЭЮФтун тарбия иштери боюнча жоптуу Абдыманап кызы Нурия катышты. Сабак кызыктуу маалыматтар менен коштолуп, презентация, дубал газеталар менен жабдылган. Сабакта студенттер активтүү катышышты.