КВАЛИФИКАЦИЯ АЛДЫНДАГЫ ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ ӨТКӨРҮЛДҮ
2023-2024 – окуу жылынын окуу графигине ылайык ФКс-1-19, БЭс-1-19 тайпаларынын студенттери 2024 – жылдын 4 – мартынан 16 – мартына чейин квалификация алдындагы практикада болуп келишти.
Практиканын жыйынтыгында он - лайн жыйынтыктоочу конференция өткөрүлдү. Конференцияда студенттер практикадагы өздөрүнүн жетишкендиктери жана практика өтөөдөгү пайда болгон көйгөйлөр боюнча ой бөлүшүп, түзгөн отчетторун жакташты.
Практика жетекчилери отчетторду баалоонун жобосу менен студенттерди дагы бир ирет тааныштырып, ошол жобонун негизинде студенттердин отчеттору баалана тургандыгын жана студенттердин алдында турган мамлекеттик экзамендерди жогорку деңгээлде тапшырып алуусуна тилектеш экендиктерин билдришти.