БУХГАЛТЕРЛЕР ЖАНА АУДИТОРЛОРДУН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ
Илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө бухгалтердик эсеп жана Кыргыз Республикасынын экономикасы боюнча макалалар окулду. Аны менен биргеликте кафедра башчынын экономика боюнча “Эң мыкты макет”, “Эң мыкты сүрөт”, “Эң мыкты макала” номинациялары боюнча конкурсу жүрдү. Ар бир тайпанын командасы тарабынан жасалган макеттерге, тартылган сүрөттөргө презентация жасашты.
Илимий-практикалык конференцияда Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Окумуштуулар кеңешинин катчысы Ырысбай кызы Салима, ЭЮФтун деканы э.и.д.,профессор А.К. Аскаровалар сөз сүйлөшүп, келечектеги бухгалтерлерге өзүнүн кесибинин мыкты устаты болуусун айтуу менен студенттердин кол өнөрчүлүгүнө, макалаларына, сүрөттөрүнө өзгөчө баа берип куттукташты.
Кафедра башчысы э.и.к., доцент Төлөнов Э.Н.конкурстун катышуучулары тарабынан даярдалган макеттерин өзгөчө белгилеп, конкурста 1-2-3- орун алган командаларга акчалай сыйлык жана дипломдорду ыйгарды.
Жыйынтыгында студенттердин илимий - изилдөө иштеринде ийгиликтерди жана тандап алган кесибин жакшы өздөштүрүп, келечекте татыктуу кесипкөй адис болуусун каалады.