ПРАКТИКАНТТАРГА УСУЛДУК ЖАРДАМ КӨРСӨТҮЛДҮ
Учурда экономикалык - юридикалык факультеттин экономика багытынын 4-курсунун студенттери квалификация алдындагы практикада шаарыбыздын финансы – кредиттик ишканаларында, салык, статистика башкармалыктарында жана башка мекеме - ишканалардын эсеп бөлүмдөрүндө жүрүшөт.
Практиканттарга кезектеги усулдук жардам кафедра башчысы э.и.к., доцент Э.Н. Төлөнов, кафедранын практика боюнча жооптуусу э.и.к., доц.м.а. Г.Б. Абдырахманова жана практика жетекчилери э.и.д., проф.м.а. Ж.Садыралиев жана э.и.к., доцент А.Т. Мамыралиевалар тарабынан берилди.
Практика өтүп жаткан жеринде студенттерде болуп жаткан көйгөйлөр, аларды чечүүнүн жолдору, жол карталарынын аткарылышы, мекеме-ишканалар тарабынан коюлуп жаткан талаптар жана түзүлгөн шарттар боюнча кеңири талкуу болуп, усулдук жардамдар көрсөтүлдү.