Улуттук валютанын өнүгүү тарыхы - конок лекция
2024-жылдын 20-март күнү экономикалык-юридикалык факультетинин экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын жамаатына жана студенттерине Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Жалал-Абад областтык башкармалыгынын адистери тарабынан улуттук банктын ишмердүүлүгү боюнча жана улуттук валютанын өнүгүү тарыхы, анын ичинде банкноттордун, монеталардын жашоо цикли: жасалгандан баштап жок кылынганга чейинки иш-аракеттер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын нумизматикалык мурастарын чогултуу, сактоо, көрсөтүү, системалаштыруу жана жайылтуу тууралуу документтеринин негизинде уюштурулган конок лекция өткөрүлдү.
Конок лекция Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Жалал-Абад областтык башкармалыгынын башчысы Акимбеков Хусейн Маматканович жана кадр инспектору Саякова Фарида тарабынан жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
Лекциянын угуучулары кенен маалыматка ээ болушту. Студенттер келечекте мыкты экономист катары калыптанып, өз кесибинин чебери болушу үчүн кафедра тарабынан ар тараптуу иштерди жүргүзүүдөбүз - дешет эмгек жамаат.