ОКУУ-ТААНЫШУУ ПРАКТИКАСЫН ЖЫЙЫНТЫКТОО
Экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын 580100 Экономика багыты боюнча, сырттан окуу бөлүмүнүн БЭс-1-21, БЭс-2-21 жана ФКс-1-21 тайпаларына окуу-таанышуу практикасын жыйынтыктоо боюнча конференция уюштурулду. Конференцияда студенттер практика өтүп келген жерлеринен практиканын өзгөчөлүктөрүн, практика менен теориянын айкалышы боюнча маалымат беришти.
Практика жетекчилери э.и.д., профессор А.К.Аскарова, э.и.к., доцент Э.Н.Төлөнов, э.и.к., доцент Д.Ш.Жолболдуева, улук окутуучулар Б.А.Аширалиева, П.А.Абдыкадыров тарабынан студенттердин окуу-таанышуу практикасынын отчёту практиканын программасы боюнча жана жол картага ылайык өтүлгөнүн баса белгилешти.
Конференцияга ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Калыбекова Зияда Садыковна жана жетектөөчү адиси Жолдошалиева Нурия Султановна катышып, практика программа боюнча өтүлгөнүнө баа беришип, кафедранын профессордук-окутуучулар жааматына ыраазычылыгын билдиришти.