1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Экономикалык-юридикалык факультети
  4. Экономика, эсеп жана каржы кафедрасы
  5. Жаңылыктар

10 месяцев назад

147

КЕСИПТИК КОМПЕТЕНЦИЯЛАРДЫН КАЛЫПТАНДЫРУУ – УЧУРДУН ТАЛАБЫ

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун экономикалык-юридикалык факультетинин  экономика, эсеп жана каржы кафедрасы тарабынан “Жаш адистердин келечеги - кесиптик компетенцияларды калыптандыруу” –аттуу тегерек стол өткөрүлдү. Аталган иш чарада адистерди даярдоодо базар экономикасынын шартындагы талаптар, жумушка орношуудагы критерийлер каралып, ишканаларга жаңы орношкон бүтүрүүчүлөр жана кафедранын профессордук-окутуучулар курамынын, студенттеринин ортосунда чоң дискуссия жүрүп, көптөгөн суроолорго жооптор алынды

Иш чарага ЖАМУнун Экономика багыты боюнча бүтүрүүчүлөр Ассоциациясынын Президенти Тургунбаев Алмаз Болотбекович катышып, тегерек столдун темасы учурдун талабы экенин баса белгилеп кетти.

Жыйынтыгында бүтүрүүчүлөр тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу,  кафедранын иш планына киргизүү жана аткаруу иштери кафедранын жамаатына жүктөлдү. Тегерек столго банк, салык, статистика жана финансы сферасындагы Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда жайгашкан банктардын жана ишканалардын учурдагы кызматкерлери, биздин кафедранын бүтүрүүчүлөрү катышты.