1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Экономика, эсеп жана каржы кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 дня назад

35

Мыкты бүтүрүүчү - келечектин мыкты адиси

БУУнун Туруктуу өнүгүү жаатындагы глобалдык келишиминин жана окуу планынын алкагында "сапаттуу билим берүү" принцибине ылайык, 2026 - жылдын 31-мартында “Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Экономика жана укук институтунун экономика, эсеп жана финансы кафедрасында "Мыкты бүтүрүүчү — келечектин мыкты адиси"деген темада тегерек стол өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты — бүтүрүүчүлөрдү «Экономика» багыты боюнча жаңы окуу планы менен тааныштыруу, ошондой эле билим берүү программасын өркүндөтүү боюнча пикир алмашуу болду.

Куттуктоо сөздөрү менен Экономика жана укук институтунун директору, э.и.д., профессор Аскарова Айнура Каныбековна чыгып, сапаттуу билим берүү жана компетенттүү адистерди даярдоонун маанисин баса белгиледи.

Ал эми ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, т.и.к., доцент Шамиев Жакып Болотбекович студенттерге продуктивдүү практика жана кесиптик ийгиликтерди каалады.

Ал эми Бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын Президенти Тургунбаев Алмазбек университет менен бүтүрүүчүлөрдүн байланышын колдоого көңүл бурду.

Тегерек столдо кафедра башчысы, э.и.к., доцент Төлөнов Эмил Нажимидинович өз сөзүндө билим берүү программасы рынок экономикасы талап кылган, учурдун талабына жооп берген адистерди даяроо боюнча кафедра жасаган иштерге жана ийгиликтерге токтолуп кетти. Ошондой эле жогорку билим алуу үчүн Жалал-Абад колледжинин бүтүрүүчүлөрүн чакыруу менен билим окууларына ийгилик каалады.

Тегерек столдун алкагында бүтүрүүчүлөр: Таштанбеков М.Т., Манас шаарынын мэриясынын жер ресурстары башкармалыгынын материалдык бухгалтери; Жумуков Н.Б., «KISB Банк» ЖАКтын КЧИ боюнча улук адиси; Бакирова А.Б., Манас шаары боюнча МСКБнин улук инспектору; Камылов С.А., өздөрүнүн кесиптик калыптануу жолдору жана иш тажрыйбалары менен бөлүшүп, финансы-кредиттик жана мамлекеттик мекемелердеги ишмердүүлүктөрү тууралуу айтып беришти. Алар өз ойлорун билдирип, билим берүү программасын жакшыртуу боюнча сунуштарын жана пикирлерин айтышты.

Иш-чара ачык диалог форматында өтүп, катышуучулар суроолорду берип, пикир алмашууга жана пайдалуу кеңештерди алууга мүмкүнчүлүк алышты.

Мындай иш-чаралар университет менен бүтүрүүчүлөрдүн жана колледждердин байланышын чыңдап, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана келечектеги адистерди даярдоого чоң салым кошот.