Окуу-үйрөнчүк практика башталды
Экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын 580100 Экономика багыты боюнча, сырттан окуу бөлүмүнүн БЭс-1-21, БЭс-2-21 жана ФКс-1-21 тайпаларына окуу-үйрөнчүк практиканы өтүү боюнча конференция уюштурулду. Конференцияда студенттер үчүн практиканын программасы боюнча маалымат берилди. Практика жетекчилери э.и.д., профессор А.К.Аскарова, э.и.к., доцент Э.Н.Төлөнов, э.и.к., доцент Д.Ш.Жолболдуева, улук окутуучулар Б.А.Аширалиева, П.А.Абдыкадыров тарабынан окуу-үйрөнчүк практика боюнча студенттерди практиканын программасы, жол картасы менен тааныштырылып, окуу практикасы өзгөчө башталгыч практика экенин баса белгилешти.
Конференцияга ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Калыбекова Зияда Садыковна жана жетектөөчү адиси Жолдошалиева Нурия Султановна катышып, практика программа боюнча өткөнүнө баа беришип, кафедранын профессордук-окутуучулар жааматына ыраазычылыгын билдиришти.