“Ата-Мекенди коргоо ыйык милдет жана Ооган согушунун ардагерлерине таазим!”
Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун экономикалык - юридикалык факультетинин экономика, эсеп жана каржы кафедрасы тарабынан Ооганстан Республикасынан Советтик аскерлерди алып чыгуусунун 35 жылдыгына жана 23-февраль Ата Мекенди коргоо күнүнө карата “ Ата-Мекенди коргоо ыйык милдет жана Ооган согушунун ардагерлерине таазим!”
аттуу иш чара өткөрүлдү. Иш-чарага экономикалык-юридикалык факультетинин жалпы жамааты жана студенттер катышышты.
Иш чараны экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын башчысы э.и.к., доцент Төлөнов Эмил Нажимидинович ачып, куттуктоо сөз сүйлөп, конокторго сөз берди. Коноктор Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Ш.М. Ниязалиев атындагы философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын окутуучулары, Ооган ардагерлери А.О.Шерматов, М.И.Мамытов агайлар катышты жана башынан өткөргөн окуялары тууралуу айтып беришти, Кыргыз мамлекетибиздин бейпил жашоосу үчүн күрөшкөн Ооган согушундагы эр азаматтарды эскеришип, студенттерди Ата Мекенди сүйүүгө жана патриоттуулукка чакырды. Андан соң иш чаранын жыйынтыгында студенттер ардагерлерге видео-роликтерди даярдап, көркөм окууларды, ыр-бийлерди аткарышып, каалоо-тилектерди айтып, ыраазычылык билдиришип, белектерди беришти.