1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Экономикалык-юридикалык факультети
  4. Экономика, эсеп жана каржы кафедрасы
  5. Жаңылыктар

11 месяцев назад

123

“ӨЗ ЭНЕ-ТИЛИБИЗДИ БАРКТАЙ БИЛЕЛИ, БАШКА ТИЛДИ ЖАТКА БИЛЕЛИ” 

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-жылдын 21-февралындагы “Эл аралык эне тил күнүн белгилөө жөнүндө” №182/1 буйругун аткаруу боюнча түрдүү иш-чаралар уюштурулуп жатат. Бекитилген графикке ылайык, экономикалык-юридиклык факультетинин экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын ЭКк-1-23 тайпасында тегерек стол жана ачык саат болуп өттү. Бул иш-чараны өткөрүүнүн максаты: Эл аралык эне тил күнүн даңазалоо, ар бир улут өз эне тилинин ыйыктыгын, улуулугун, бийиктигин сактап калууга үндөө. Улуттар аралык достукту чыңдоо үчүн, “Өз эне-тилибизди барктай билели, башка тилди жатка билели”деген ураан менен башка улуттардын тилин үйрөнүүгө чакырды.

Тегерек столду факультеттин тарбия иштери боюнча декандын орун басары Абдыманап кызы Нурия ачып берип, тилдин баалуулугун, ар бир улут өз эне тилин сактап, урпактарга өткөрүп берүү керектигин айтты.

ЭКк-1-23 тайпасынын студенттери тил боюнча көркөм окууларды окушуп, макал-лакаптарды айтышты жана плакаттарга тартылган сүрөттөрдү баяндап беришти.