SCOPUS боюнча илимий семинар өткөрүлдү
Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде өткөрүлүп жаткан илимий семинар-тренингдердин негизинде, 12-февраль күнү экономикалык-юридикалык факультетинде пландаштырылган график боюнча Scopus базаларындагы илимий макалаларды изилдөө боюнча семинар өткөрүлдү.
Семинарды ЖАМУнун илимий иштер жана инновациялар боюнча проректору т.и.к., доцент м.а К.Ж.Куваков өттү. Семинарга экономикалык-юридикалык факультетинин профессордук - окутуучулар курамы толук катышып, база жөнүндө маалымат алышты. Ар бир окутуучу компьютерден Scopus сайтына киришип, практика жүзүндө иштеп көрүштү жана басмага берүү журналдарын издеп табууну, аларга макалаларын жарыялоонун жол-жоболору менен таанышышты.
Жыйынтыгында факультеттин профессордук-окутуучулар курамы, илим изилдеген окумуштууларга керектүү маалыматтарды жеткирүүнү колго алышкан семинардын уюштуруучуларына ыраазычылык билдиришти.