1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Экономикалык-юридикалык факультети
  4. Экономика, эсеп жана каржы кафедрасы
  5. Жаңылыктар

11 месяцев назад

79

Диний экстремизмдин, терроризмдин жана радикализмдин алдын алуу

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин экономикалык-юридикалык факультетинин экономика жана юриспруденция багытынын студенттерине КРнын Министрлер Кабинетинин экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү  программасын ишке ашыруу максатында жолугушуу болуп өттү.

Иш-чарага Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгынын экстризмге каршы күрөшүү кызматынын опер кызматкери, милициянын подполковниги Калдаров Ниязбек Мухтарович катышып, "Диний экстремизмдин, терроризмдин жана радикализмдин алдын алуу” боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Студенттер арасында суроо-жооптор болуп, кызыктуу талкуу жаралды жана мындан ары да студенттер  менен тынымсыз байланышып туруу жагы айтылды.