1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Экономикалык-юридикалык факультети
  4. Экономика, эсеп жана каржы кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 год назад

124

1

Стартап – ишкердүүлүккө коюлган фундамент

Экономика - юридикалык факультетинин экономика, эсеп жана каржы кафедрасында Стартап – ишкердүүлүккө коюлган фундамент  -аталышында тегерек стол өткөрүлдү. Тема боюнча кафедранын башчысы э.и.к., доцент Э.Н.Төлөнов студенттерге стартапты жазуу жана аткаруу боюнча презентация жасап, кеңири түшүнүк берди. Аны менен бирге Жалал-Абад шаарын өнүктүрүү жана Кыргызстан боюнча тармактарды өркүндөтүү боюнча кээ бир маалыматтарга токтолду.Учурда өлкөнү туруктуу өнүктүрүүгө багытталган конкурс, ЖАМУ тарабынан уюштурулуп жатканы боюнча кеңири маалымат берди. Жарыш сөзгө э.и.д., профессор Ж.Садыралиев чыгып, Кыргызстанда айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча практик катары өз сунушун берип кетти.

Тегерек столго экономикалык - юридикалык факультетинин деканы э.и.д., профессор А.К.Аскарова, кафедранын профессордук-окутучуулар курамы толугу менен  катышып, өз ойлорун,сунуштарын айтуу менен тегерек столдун катышуучуларына ийгилик каалашты.