1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Экономикалык-юридикалык факультети
  4. Экономика, эсеп жана каржы кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 год назад

118

1

Кафедрада мыктылардын сынагы

Экономика, эсеп жана каржы кафедрасында 2022-жылдан тартып  кафедра башчысы э.и.к., доцент Э.Н.Төлөновдун демилгеси менен мыктылардын сынагы өткөрүлүп келет. Мыктыларга кафедра башчысы тарабынан акчалай сыйлык жана тиешелүү даражадагы дипломдор каралган. Сынакта алгач кафедранын профессордук-окутуучулар курамы тарабынан ачык сабактар уюштурулуп, окутуучунун педагогикалык чыгармачылыгына баа берилип, аларды өркүндөтүүнүн жолдору, инновациялык технологияларды колдонуу, окутуучу менен студенттердин ортосундагы байланыш, сабактын сапатына баа берүү каралат. Аны менен бирге илимий, окуу-усулдук, тарбиялык, коомдук-маданий иштердеги ийгиликтерге маани берилет.

Жадыбалдын негизинде “Мыкты профессор” номинациясына э.и.д., профессор Жандаралы Садыралиев тарабынан ачык сабак өткөрүлдү. БЭк-1-21 тайпасы үчүн “Каржылык талдоо” дисциплинасы боюнча практикалык сабак өттү. Профессор студенттер үчүн учурдагы ишканалардын капиталы, формасы, мааниси боюнча кеңири маалымат берди. Практикалык сабакта интерактивдүү доска пайдаланып, тема боюнча слайд, практикалык материалдар колдонулду. Сабак учурунда практикалык сабакты өтүүнүн инновациялык ыкмалары колдонулуп  практикалык сабактын  жүрүшү, студенттер үчүн кызыктуу болду.

Ачык саатка экономикалык-юридикалык факультеттин окуу иштери боюнча декандын орун басары К.М.Ташиева, жарандык укук жана адвокатура кафедрасынын башчысы ю.и.к., доцент Н.К.Нарматов жана кафедранын окутуучулары катышып, өз ойлорун, сунуштарын ортого салышты.   

Жыйынтыгында комиссиянын төрайымы э.и.к., доцент А.Т.Мамыралиева, кафедра башчысы э.и.к., доцент Э.Н.Төлөнов, сынактын катышуучусу профессор Ж.Садыралиевге ийгилик каалашты.