1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Экономика, эсеп жана каржы кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

33

1

Экономикалык багытындагы адистиктердин иш берүчүү  “Элдик Банк” ААКнын Манас шаарынын филиалынын директору Ибраимов Темирбек Ибраимович менен жүргүзүлгөн маек

Суроо: - “Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети (ЖАМУ) илимий-билим берүү өндүрүштүк комплекси жөнүндө Сизде маалыматыңыз барбы?

Жооп: Ооба, маалыматым бар. ЖАМУ – бул Жалал-Абад облусундагы эң чоң жогоркуу окуу жай. ЖАМУнун бүтүрүүчүлөрү бүгүнкү күндө Элдик Банктын мен жетектеген Жалал-Абад илиалында да иштеп жатышат. 

Суроо: - ЖАМУдан барган практиканттардын билим деңгээли, кесиптик компетенциялары сизди канааттандырабы?

Жооп: ЖАМУдан келип, биздин мекемеден практики өтүп кеткен студенттердин көпчүлүгүндө жалпы билим денгээли жоопкерчиликтери жана жумуш үйрөнүүгө болгон аракеттери жакшы таасир калтырууда. Теориялык жактан да билим сапаттары жакшы, кесиптик компетенцияларын арттырууга да жакшы аракеттериди көрүшөт.

Суроо: - ЖАМУнун келечегин сиз кандай көрөсүз?

Жооп:ЖАМУ Кыргызстандын түштүк аймагында кадр даярдоонун өзөгүн түзгөн жогорку окуу жайлардын бири бойдон калары талашсыз. Азыркы мезгилде материалдык-техникалык базасын жакшыртууга багытталган чаралар окуу жайды мындан ары да өнүгөөрүн далилдеп турат. Жалпылап айтканда, ЖАМУ заманбап кадрларды жана илимий ишмерди даярдаган илимий борбор болуп, инновацияга, сапатка жана практикага багытталган университет болот.