1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Экономика, эсеп жана каржы кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

34

1

Экономикалык багытындагы адистиктердин иш берүчүү  “Оптима Банк” ААКнын Манас шаарынын филиалынын директору Паизов Жаркынбек Мамазакировичменен жүргүзүлгөн маек

Суроо: - “Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети (ЖАМУ) илимий-билим берүү өндүрүштүк комплекси жөнүндө Сизде маалыматыңыз барбы?

Жооп: Ооба, мен ЖАМУнун бүтүрүүчүсүмүн. 2002-жылы Финансы жана кредит факультетин ийгиликтүү аяктадым. Жалал-Абад мамлекеттик университети өлкөдөгү алдыңкы жогорку окуу жайларынын бири болуп эсептелет. Учурда университет улуттук статусуна ээ жана анын билим берүү сапаты республика боюнча таанылган. ЖАМУнун бүтүрүүчүлөрү көптөгөн кесиптик чөйрөлөрдө ийгиликтүү иштешет.

Суроо: ЖАМУдан барган практиканттардын билим деңгээли, кесиптик компетенциялары сизди канааттандырабы? Жооп: Ооба, ЖАМУдан келген практиканттардын билим деңгээли абдан жогору. Алар практикага тез көнүп, ишти так жана жоопкерчиликтүү аткарышат. Биздин банкта көп учурда ушул практиканттар жумушка кабыл алынат. Студенттердин кесиптик компетенциясы жана ишке берилгендиги ЖАМУнун сапаттуу билим берүү системасын көрсөткөнгө сонун мисал.

Суроо: ЖАМУнун келечегин сиз кандай көрөсүз? Жооп: ЖАМУ шаарыбыздагы жалгыз мамлекеттик университет жана башка окуу жайлардан айырмаланып, билим берүү системасы жогорку сапатта өнүккөн. Университеттин келечеги кен жана ал дайыма өнүгүү жолунда. Буга кошумча, ЖАМУ республикалык деңгээлде өзгөчө статуска ээ болуп, “Данк” медалы менен сыйланган, бул анын коомдогу жана билим берүү чөйрөсүндөгү аброюн көрсөтөт.