1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Экономикалык-юридикалык факультети
  4. Экономика, эсеп жана каржы кафедрасы
  5. Жаңылыктар

11 месяцев назад

93

БИЛИМ КЕНЧ – КИТЕП АНЫН АЧКЫЧЫ

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин экономикалык-юридикалык факультетинин професордук-окутуучулар курамына окуу-илимий китепкана маалымат борбору тарабынан семинар уюштурулду. Семинарда ЖАМУнун окуу-илимий китепкана маалымат борбору EIFL консорциумуна мүчө  болуп киргенин жана биздин професордук-окутуучулар курамы жана студенттери чет элдик басмалардын электрондук ресурстарына акысыз жазылууга мүмкүнчүлүгү бар экенин жана иш жүргүзүүнү, илимий китепкананын адистери Э. Козубаева, Ү.Осмонова, А.Токтоналиевалар тарабынан кеңири маалымат берилди.

Семинарга  юриспруденция, социалдык иш жана экономика   багыты боюнча профессордук-окутуучулар курамы катышып керектүү суроолорго жооп алышты.Жыйынтыгында факультеттин жалпы жааматынын атынан ыраазычылык айтылды. Бул тууралуу экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын башчысы э.и.к., доцент Э.Н.Төлөнов билдирди.