1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Экономикалык-юридикалык факультети
  4. Экономика, эсеп жана каржы кафедрасы
  5. Жаңылыктар

11 месяцев назад

94

Өндүрүштүк практика жыйынтыкталды

Үзгүлтүксүз билим берүү институтунун экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын Экономика багыты боюнча БЭс-1-20, БЭс-2-20 жана ФКс-1-20 тайпаларында өндүрүштүк практиканы жыйынтыктоо боюнча конференция өткөрүлдү. Конференцияда студенттер зуум программасы аркылуу өздөрүнүн отчетторун онлайн түрүндө жакташып, практикадан алган билимдери менен бөлүшүштү.

Практика жетекчилери э.и.к., доцент Э.Н.Төлөнов, э.и.д., проф м.а А.Б.Карбекова, э.и.к., доц м.а Г.Б.Абдырахманова, окутуучу Э.К.Кубанычбеков, практика боюнча студенттерге суроолор берилип, жооптор алынды. Алар өз сөздөрүндө практиканын натыйжалуу жагына токтолушуп, аны менен бирге теория менен практиканын айкалышын айтышып беришти. Конференцияга ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн  башчысы Калыбекова Зияда Садыковна жана  жетектөөчү адиси Жолдошалиева Нурия Султановна катышып, практика программа боюнча өткөнүнө баа беришип, кафедранын профессордук-окутуучулар жааматына ыраазычылыгын билдиришти.