1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Экономикалык-юридикалык факультети
  4. Экономика, эсеп жана каржы кафедрасы
  5. Жаңылыктар

11 месяцев назад

86

3

Окуу куралына гриф берилди

Экономикалык - юридикалык факультеттин Экономика, эсеп жана каржы  кафедрасынын доценти, э.и.к. А.Т. Мамыралиева жана проф.м.а., э.и.д. А.Б. Карбекова тарабынан даярдалган экономика багытынын студенттерине арналып жазылган "Финансылык математика" окуу куралына "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн окуу куралы катарында пайдаланууга уруксат берилген" деген грифи менен басып чыгарууга уруксат берилди.

Окуу куралы өлкөбүздүн мамлекеттик тилди өнүктүрүү саясатын колдоо максатында кыргыз тилинде жазылган. Экономика багытында окуган студенттердин бул предметти мыкты өздөштүрүүсүнө өз салымын кошо алат.

Окуу куралынын авторлору, аталган эмгекти сапаттуу жазууга өз ой -пикирлерин, салымдарын кошкон сынчылар: Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун проф.м.а., э.и.д, Ж. Садыралиевге, М. Адышев атындагы ОшТУнун Бизнес, информатика жана маалыматтык экономика кафедрасынын башчысы, э.и.д., профессор А.М. Ташбаевге, М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин  Экономикалык, математикалык ыкмалар жана статистика кафедрасынын доценти, э.и .к. И.С. Абышовго ыраазычылык билдире тургандыктарын билдиришти.