1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Экономикалык-юридикалык факультети
  4. Экономика, эсеп жана каржы кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

73

1

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган куратордук саат

2025-жылдын 29-апрель күнү экономикалык-юридикалык факультетинде Улуу Ата Мекендик согуштун 80 жылдыгына арналган «Улуу Ата Мекендик согуш: элдин эрдиги» аттуу куратордук саат өтүлдү.

Аталган иш-чарага БЭк-1-24 (профиль Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит), ФКк-1-24 (профиль Финансы жана кредит) тайпасынын студенттери, ошондой эле факультеттин жетекчилиги жана Экономика, эсеп жана финансы кафедрасынын окутуучулары катышышты.

Экономикалык-юридикалык факультетинин деканы, экономика илимдеринин доктору, профессор А.К. Аскарова куттуктоо сөзү менен "Улуу Ата Мекендик согуш – биз үчүн трагедия гана эмес, эрдиктин, ынтымактын жана жан аябастыктын үлгүсү болот. Биз ата-бабаларыбыздын эрдигин эстөө менен, бул эс тутумду кийинки келечек муундарга да өткөрүп берүүгө милдеттүүбүз" деп өз сөзүндө баса белгиледи.

Экономика илимдеринин доктору, кафедранын профессору Ж. Садыралиев учурдагы билим берүүнүн эң маанилүү милдети студенттерди мекенчилдикке тарбиялоо экенин белгиледи: "Жеңишти эскерүү - бул улуттук аң-сезимдин пайдубалы. Жаштарга азыркы эркиндик жана тынчтык кантип бизге жеткенин билиши керек"экендигин айтты.

Ошондой эле экономика, эсеп  жана финансы кафедрасынын башчысы, БЭк-1-24 тайпасынын куратору э.и.к., доцент  Толонов  Э.Н., жана ФКк-1-24 тайпасынын куратору э.и.к., доценттин милдетин аткаруучу Абдырахманова Г.Б. чыгып сүйлөштү.

Алар Советтер Союзунун элдеринин фашизмди жеңүүгө кошкон чоң салымы жөнүндө айтып беришти, жоокерлердин, ооруктагы эмгекчилердин эрдигин жана алардын эрдигинин келечек муундар үчүн маанилүү экендигин  эске салышты.

Иш-чаранын алкагында студенттер тарыхый окуяларга жана Улуу Ата- Мекендик согуштун баатырларына арналган докладдарды, ырларды окушуп, видиоматериалдарды даярдашып, фронттон өз мекенине кайтпай калган жоокерлердин элесин   эскерүү менен  бир мүнөт унчукпай турушту.

Куратордук сааттын  акырында Жеңищ күнү ырын ырдашты.  Куратордук саатты өткөрүү менен бирге  студенттерге жарандык патриоттук сезимдерин  жандандырып, өз өлкөсүнүн тарыхына жана анын каармандарына болгон сый-урматты калыптандыруудагы  чоң  мааниге ээ  болду.