1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Экономикалык-юридикалык факультети
  4. Экономика, эсеп жана каржы кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

71

1

СТУДЕНТТЕР КВЛИФИКАЦИЯ АЛДЫНДАГЫ ПРАКТИКАНЫ ЖЫЙЫНТЫКТАШТЫ

2025-жылдын 22-апрелинде Б.Осмонов атындагы мамлекеттик университетинин Экономика-юридикалык факультетинин «Экономика, бухгалтердик эсеп жана финансы» кафедрасы экономика багытынын бухгалтердик эсеп жана финансы жана кредит профилдеринин 4-курсунун студенттеринин квалификация алдындагы практика боюнча отчетторду кабыл алуу боюнча конференция өткөрдү. Конференцияга «Экономика, эсеп жана финансы» кафедрасынын башчысы, э.и.к., доцент Э.Н.Төлөнов, кафедранын окутуучулар жамааты жана БЭк-1-21, ФКк-1-21 тайпаларынын студенттери катышты. Конференцияда студенттер даярдаган отчеттору каралып, талкууланып, топтолгон тажрыйбалардын жана жетишкендиктердин натыйжалары тууралуу маалымат берилди.

Конференцияда кафедра башчысы жана практика жетекчилери студенттердин практика боюнча даярдаган отчетторун кеңири карап чыгышты, ошондой эле алынган теориялык билимдери менен байланышына баа беришти. Соңунда студенттер өз отчетторун тапшырышып, практика учурунда жасалган иштерге токтолуп, бир катар суроолорго жооп беришти. Ар бир студентке жекече баа берилип, мындан аркы практикалык кадамдарга сунуштар берилди. Алдын ала квалификациялык практика студенттер үчүн билимин жана көндүмдөрүн текшерүүгө, ошондой эле кесиптик ишмердүүлүккө даярдыгын көрсөтүүгө мүмкүндүк берүүчү маанилүү этап болуп саналат. Университет мындан ары да студенттердин кесипкөйлүгүн жогорулатууга, аларды ийгиликтүү карьерага даярдоого чоң көңүл бура бермекчи.