1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Экономикалык-юридикалык факультети
  4. Экономика, эсеп жана каржы кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

65

1

XII СТУДЕНТТЕРДИН РЕГИОНАЛДЫК УНИВЕРСИТЕТТЕР АРАЛЫК ОЛИМПИАДАСЫНДАГЫ ЭКОНОМИСТТЕРДИН ИЙГИЛИГИ

2025-жылдын 19-апрелинде Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун экономика-юридикалык факультетинин Экономика багытынын (боюнча бухгалтердик эсеп жана каржы жана насыя профилдери) боюнча студенттери Ош шаарында Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде өткөн XII регионалдык ЖОЖдор аралык студенттердин олимпиадасына катышышты. Жыл сайын өтүүчү олимпиадага Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көптөгөн жогорку окуу жайларынын студенттери катышты.

Бул олимпиадада «Экономика, эсеп жана каржы» кафедрасынын экономика багытынын, бухгалтердик эсеп, финансы жана кредит профилдеринин студенттери бул олимпиадада мыкты жыйынтыктарды көрсөтүп, байгелүү орундарга ээ болушту. «Финансы жана кредит» сабагы боюнча БЭк-1-23 тайпасынын студенти Абдуманапова Малика 1-орунга жана ФКк-1-22 тайпасынын студенти Нурманбаев Жоодарбек 2-орунга ээ болушту. Жетекчиси – ага окутуучу Мусакулов Н.К.

«Экономика» (профиль) сабагы боюнча БЭк-1-23 тайпасынын студенти Курбанбекова Мыскал 3-орунга ээ болду. Жетекчиси – окутуучу Орозова Ч.С.

«Экономика» (профилдик эмес) сабагы боюнча ЭС-1-23 тайпасынын студенти Төрөмаматов Оматбек 1-орунга ээ болду. Илимий жетекчиси – э.и.д., доцент Садыралиев Ж.

«Экономика, бухгалтердик эсеп жана финансы» кафедрасынын жыйынында кафедра башчысы, э.и.к., доцент Төлөнов Э.Н. жана профессордук-окутуучулук курам олимпиадада жеңген студенттерди жана алардын жетекчилерин куттукташты.

Биздин студенттер экономика-юридикалык факультетинин жана Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин сыймыгы! Катышуучуларды жана жетекчилерди сыйлыктары менен куттуктайбыз! Аларга илим-изилдөө ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалайбыз!