Өндүрүштүк практика боюнча конференция

2025-жылдын 4-апрелинда экономика-юридикалык факультетинде ФКк-1-22 тайпасынын студенттери үчүн өндүрүштүк практика алдындагы конференция болуп өттү.
Иш-чарада студенттер жумушчу программа, жол карта, өндүрүштүк практикадан өтүү менен байланышкан негизги милдеттер, этаптар жана талаптар менен тааныштыруу максатында уюштурулган. Конференциянын катышуучулары практика кандай өткөрү, кандай компетенцияларды өнүктүрүү керектиги, ошондой эле жыйынтыгы боюнча кандай документтерди даярдоо керектиги тууралуу кеңири маалымат алышты.
Кафедра башчысы э.и.к., Талонов Э. Н., жана э.и.к., доцент м.а. Жамашева Г.С. студенттер туш болушу мүмкүн болгон типтүү жумуш жагдайлары жөнүндө айтып беришти жана уюмдардын жамааттары менен өз ара аракеттенүү боюнча пайдалуу кеңештерди беришти. Ошондой эле кесиптик этика, жумуш орундарындагы жүрүм-турум эрежелери жана отчеттук документтерди тариздөө маселелерине көңүл бурулду.
Студенттер маектешүүгө активдүү катышып, суроолорду беришти жана алдыдагы практикага кызыгуу көрсөтүштү. Мындай жолугушуулар окутуунун жооптуу жана жемиштүү этабын түзүүгө, ошондой эле чыныгы кесиптик даярдыкты жогорулатууга жардам берет.
Конференция ишкер, бирок ошол эле учурда жылуу жана колдоочу чойрөөдө өтүп, мотивацияны жана практиканы ийгиликтүү өтүүгө ишенимди жаратты.