1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Экономикалык-юридикалык факультети
  4. Экономика, эсеп жана каржы кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

86

1

Мыкты бүтүрүүчү – келечектин мыкты адиси

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун экономикалык-юридикалык факультетинин  экономика, эсеп жана каржы кафедрасы тарабынан  “Мыкты бүтүрүүчү – келечектин мыкты адиси” -  аталышындагы кереге кеңеш өткөрүлдү.

Аталган иш чарада окуу процессинин сапатын жакшыртуу жана адистерди даярдоодо базар экономикасынын шартындагы талаптар, жумушка орношуудагы критерийлер каралып, бүтүрүүчүлөр жана кафедранын профессордук-окутуучулар курамынын, студенттеринин ортосунда чоң дискуссия жүрүп, көптөгөн сунуштар берилип жана суроолорго жооп алынды.

Иш чарага банк, салык, статистика жана финансы жана бухгалтерия чөйрөсүндөдөгү Жалал-Абад шаарындагы жана Сузак районунда жайгашкан банктарда иштеген бүтүрүүчүлөр, ЖАМУнун окуу процессине тиешелүү бөлүмдөрдүн адистери жана БЭс-1-2-20,ФКс-1-20 тайпаларынын, БЭк-1-21, ФКк-1-21 тайпаларынын бүтүрүүчүлөрү жана студенттери катышты.

Кереге кеңештин жүрүшүндө Экономика багыты боюнча аяктаган бүтүрүүчүлөр ийгиликтерин, өз ойлорун жана сунуштарын айтышып, негизги билим берүү программасын жана окуу планын түзүүдө, эске алуу менен ишке ашыруу керектигин баса белгилешти.

 Экономика багытындагы Бүтүрүүчүлөрдүн ассоциациясынын Президенти Тургунбаев Алмазбек Болотбекович  бүтүрүүчүлөргө Ассоциациянын аткарган иштери  тууралуу кыскача маалымат берди. Карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн өкүлдөрү Бүтүрүүчүлөр ассициациясынын ишмердүүлүгүн мындан да өнүктүрүү керектигин белгилеп, бүтүрүүчүлөр менен кафедранын кызматташтыгына жакшы каалоолорду айтышты.

Жыйынтыгында  бүтүрүүчүлөргө кафедранын студенттери тарабынан чакан концерттик программа тартууланды.