«8-март – Аялдардардын эл аралык күнү»

2025-жылдын 6-мартында экономикалык-юридикалык факультетинде экономика, эсеп жана каржы кафедрасы тарабынан майрамдык кече уюштурулуп белгиленди.
Факультеттин жалпы айымдарына жана студенттерге концерт уюштурулуп, аял заты тураалуу көркөм окуу, ыр саптар, ырлар жана оюндар тартууланды.
Факультеттин мырзалары тарабынан окутуучу эжекелерге “8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө” карата жана жаш муундарды окутуп жетишкен ийгиликтери, билим берүү тармагына сиңирген эмгеги үчүн экономикалык-юридикалык факультетинин “Ажарлуу айым окутуучу” номинациясынын дипломдору ыйгарылды.
Жыйынтыгында кафедра башчысы э.и.к., доцент Э.Н. Төлөнов тарабынан майрамдык кеченин катышуучуларына ыраазычылык билдирилди.