1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Экономикалык-юридикалык факультети
  4. Экономика, эсеп жана каржы кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

230

1

Илимий ийримдин ийгиликтери

2025-жылдын 26-февраль күнү экономикалык-юридикалык факультетинин экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын жааматы “Жаш финансист” жана “Жаш бухгалтер” илимий ийримдеринин конференциясын өткөрдү.

Иш чарада илимий ийримдин мүчөлөрү тарабынан презентациялар даярдалып, илимий макалалар окулду. Ийримдин мүчөлөрү келечекте Кыргызстандын экономикасын өркүндөтүүнүн жолдору, өндүрүштө инновациялык технологияларды колдонуу жана башка тармактар боюнча темаларга токтолушту. Аны менен бирге студенттер экономикага тиешелүү макеттерди даярдашып, презентацияларды көрсөтүштү.

Жыйынтыгында кафедранын башчысы э.и.к., доцент Төлөнов Э.Н. сөз сүйлөп, БЭк-1-23, БЭк-1-24, ФКк-1-24 тайпалары даярдалган макеттерге баа берүү менен студенттерге илимий-изилдөө иштеринде ийгиликтерди каалап жана тандап алган кесибин жакшы өздөштүрүп, келечекте татыктуу кесипкөй адис болууга чакырып кетти.