1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Экономикалык-юридикалык факультети
  4. Экономика, эсеп жана каржы кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

45

1

Окуу үйрөнчүк практика

2025-жылдын 24-февралында  БЭс-1-22 тайпасында окуу үйрөнчүк практика боюнча конференция өткөрүлдү.

Практика жетекчиси э.и.к., доцент Төлөнов Э.Н., окуу-үйрөнчүк практика боюнча төмөндөгүүлөрдү баса белгилеп кетти.

Окуу үйрөнчүк жана багыттоо практикасы студенттерге тандалган чөйрөдөгү кесип жана иштин өзгөчөлүктөрү жөнүндө алгачкы билимге ээ болууга мүмкүндүк берген билим берүү процессинин маанилүү бөлүгү болуп саналат.      

Практиканын негизги максаты чыныгы шарттарда уюштуруу жана иш процесстери менен таанышуу, кесиптик компетенцияларды өнүктүрүү, ошондой эле практикалык тажрыйба алуу болуп саналат.

         Конференцияга БЭс-1-22 тайпасынын студенттери активдуу катышып, жумушчу программа, жол картасы, күндөлукту толтуруу боюнча керектуу маалыматтарды алышты. Конференцияга  практика боюнча декандын орун басары э.и.к., доцент м.а. Абдырахманова Г.Б. катышты.