"Ата-Мекенди коргоо-ыйык милдет"

Б.Осмонов атындагы Жалал - Абад мамлекеттик университетинин экономикалык-юридикалык факультетинин экономика, эсеп жана финансы кафедрасында 23-февраль Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата "Мекенди коргоо - ыйык милдет" аттуу иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага экономикалык-юридикалык факультетинин бардык профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты. Иш-чараны экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын башчысы э.и.к., доцент Төлөнов Эмил Нажимидинович ачып, куттуктоо сөзү менен чыгып сүйлөдү. Ал Кыргыз мамлекетинин бейпил турмушу үчүн күрөшкөн эр жүрөктөр баатырларды эскерип, студенттерди Мекенди сүйүүгө жана патриоттуулукка чакырды.
Андан соң иш-чаранын жүрүшүндө БЭк-1-23 тайпасынын студенттери видеороликтерди, кызыктуу оюндарды уюштурушуп, ыр-бийлерди аткарышты, каалоо-тилектерин айтышты, оюндун жеңүүчүлөрүнө белектерин беришип бардык катышуучуларга ыраазычылыктарын билдиришти.