1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Экономикалык-юридикалык факультети
  4. Экономика, эсеп жана каржы кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

89

1

«Биз кургак учукка каршыбыз!»

2025-жылдын 21-февралында ФКк-124 тайпасында БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата «Биз кургак учукка каршыбыз» атту куратордук саат өткөрүлдү.

Иш-чаранын максаты  жаштардын арасында кургак учук тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу, кургак учук менен ооруган адамдарга карата стигманы жана дискриминацияны азайтуу, ошондой эле бул оору менен ооругандарды эрте аныктоо жана дарылоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.

Куратордук саатты кургак учуктун алдын алуунун, эрте диагноз коюунун жана дарылоонун мааниси, ошондой эле бул оору менен күрөшүүдө ар бир адамдын ролу боюнча талкуу жүрдү.

         ФКк-124 тайпасыын студенттери активдуу катышып, видео көрсөтмө менен презентация слайд жасап жана докладтарын окуп беришти. Студенттер баяндамаларында өздөрүнүн ой-пикирлерин айтып, кургак учуктун микобактериялары козгогон жугуштуу оору, көбүнчө өпкөгө таасир эткенин, башка органдарга да таасирин тийгизиши мүмкүн экендигин жана  дарылоого боло турган жугуштуу оору экенин жана кургак учук жөтөлгөндө, чүчкүргөндө же сүйлөгөндө тамчы инфекциясы аркылуу жугушун белгилеп кетишти.

ФКк-1-24 тайпасынын куратору э.и.к, доцент м.а. Абдырахманова Г.Б. жеке гигиена жана коомдук чараларга: маскалар, гигиеналык нормаларды сактоо, жайларды желдетүү, өз убагында  медициналык жардамга кайрылууну белгиледи.