1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Экономикалык-юридикалык факультети
  4. Экономика, эсеп жана каржы кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

51

1

“Эне тил ар улуттун байлыгы ”

         Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук нарк жөнүндө”, “Инсандын  руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыктарын,  Кыргыз Жараны концепциясын жайылтуу, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”   КР Конституциялык Мыйзамын ишке ашыруу,  БУУнун жана ЮНЕСКОнун чечиминин негизинде КР жашаган улуттардын ынтымагын бекемдөө, алардын эне тилин, маданиятын жайылтуу жана 21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө карата экономикалык-юридикалык факультетинин экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын БЭк-1-24 тайпасында тегерек стол жана ачык саат болуп өттү. Бул иш-чараны өткөрүүнүн максаты: Эл аралык эне тил күнүн даңазалоо, ар бир улут өз эне тилинин ыйыктыгын, улуулугун, бийиктигин сактап калууга үндөө. Улуттар аралык достукту чыңдоо үчүн, “Эне тил ар улуттун байлыгы”деген ураан менен башка улуттардын тилин үйрөнүүгө чакырды.

Тегерек столду факультеттин тарбия иштери боюнча декандын орун басары Абдыманап кызы Нурия ачып берип, тилдин баалуулугун, ар бир улут өз эне тилин сактап, урпактарга өткөрүп берүү керектигин айтты.

БЭк-1-24 тайпасынын студенттери тил боюнча көркөм окууларды окушуп, макал-лакаптарды айтышты жана плакаттарга тартылган сүрөттөрдү  слайд аркылуу баяндап беришти.