1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Экономикалык-юридикалык факультети
  4. Экономика, эсеп жана каржы кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

41

БЭк-1-23 тайпасындагы ата-энелер чогулушу

Экономикалык-юридикалык факультетинин экономика эсеп жана каржы кафедрасында алдын ала түзүлгөн графиктин негизинде 2024-жылдын 16-декабрь күнү экинчи курстун БЭк-1-23 тайпасынын куратору улук октутуучу Бактыгуль Абдиумаматкадыровна Аширалиева ата-энелер чогулушун өткөрдү. Чогулушта тайпа студенттеринин сабакка катышуусу, жетишүүсү, биринчи модулдун жыйынтыгы боюнча маалыматтар берилди. Окуу акысынын 20-декабрга чейинки 50% төлөө маселелери  кызуу талкууланды. Студенттердин сабакка катышуусу, жетишүүсү, сабак учурунда  кийилүүчү формалардын талаптары жана окуу төлөмүн көзөмөлдөө ата-энелерге жана тайпа кураторуна жүктөлдү. Мындан ары ата – энелер окуу жай менен тынымсыз байланышып, балдарын көзөмөлгө алабыз деп сөз беришти.