1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Экономикалык-юридикалык факультети
  4. Экономика, эсеп жана каржы кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

42

1

Экономика багытынын биринчи курсунун студенттеринин ата-энелер чогулушу

2024-жылдын 9-декабрында экономикалык-юридикалык факультетинин экономика, эсеп жана каржы кафедрасы бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит, финансы жана каржы профилдеринин биринчи курстун БЭк-1-24, ФКк-1-24 тайпаларындагы студенттердин ата-энелери менен кураторлор э.и.к., доцент Эмил Нажимидинович Толонов, э.и.к., доценттин м.а. Гулчехра Батырбековна Абдырахманова чогулуш өткөрүштү. Жолугушууда 580100 Экономика багыты боюнча НББП, кафедрада, факультетте жана университетте өткөрүлүүчү иш-чараларга студенттердин катышуусунун көйгөйлөрү, окуу акысын өз убагында төлөө маселелери талкууланды. Ата-энелер АВН системасы, окуу процессинин графиги, биринчи модулдун жыйынтыгы, окуучулардын катышуусу жана жетишүүсү, экинчи модулдун жана кышкы экзамендик сессиясынын графиги, окуу-тарбия ишинин негизги багыттары менен таанышты. Ата-энелер чогулушу биргелешкен иш үчүн эмоционалдык маанайды, ата-энелер менен кураторлордун өз ара ишеним атмосферасын түздү.