Жалал-Абад областтык статистика башкармалыгынын ачык эшиктер күнү
2024-жылдын 6-декабрында экономика-юридикалык факультетинин экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын доценти Г.Б. Абдырахманова жана студенттер Жалал-Абад областтык статистика башкармалыгы тарабынан өткөрүлгөн расмий статистиканы жана анын коомду өнүктүрүүдөгү маанисин кеңири жайылтууга багытталган ачык эшиктер күнүнө катышышты. Иш-чарага Жалал-Абад облустук статистика башкармалыгынын жетекчилиги, бөлүм башчылары жана статистикалык маалыматтарды колдонуучулар катышты. Чогулгандарга куттуктоо сөзү менен Жалал-Абад областтык статистика башкармалыгынын башчысы И. Масабиров, статистиканын негиздүү чечимдерди кабыл алуунун жана натыйжалуу стратегияларды иштеп чыгуунун негизги куралы катары маанилүүлүгүн белгилеп, статистика ар бир адам үчүн жеткиликтүү болушу керектигин, ишенимдүү маалыматтардын негизинде гана келечек курууга болорун баса белгиледи.
Жалал-Абад областтык статистика башкармасынын начальнигинин орун басары А.Б. Тургунбаев, Жалал-Абад шаардык статистика башкармалыгынын түзүмү, эмгек статистикасы, финансы жана социалдык чөйрө боюнча статистикалык маалыматтар менен тааныштырды.
Ачык эшиктер күнү тажрыйба алмашуу, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана жаштардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүү, ошондой эле статистикалык сабаттуулук идеяларын жайылтуу жана негизделген чечимдерди кабыл алуу үчүн статистиканы колдонуу үчүн маанилүү аянтча болуп калды.