1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Экономикалык-юридикалык факультети
  4. Экономика, эсеп жана каржы кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

48

1

Финансылык сабаттуулук - калктын бакубаттуулугун жогорулатуунун ачкычы

2024-жылдын 5-декабрында экономикалык-юридикалык факультетинин экономика, эсеп жана финансы кафедрасынын окутуучулары Жолболдуева Дарыгуль Шамиловна, Мусакулов Нурбек Куралбек Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Жалал-Абад областтык башкармалыгында кызматкерлер менен. калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган иш-чараларды өткөрүү маселелери боюнча пландуу жолугушууга катышты.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын, жогорку окуу жайларынын жана Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери катышты.  

Жолугушуунун жүрүшүндө 2024-жылы өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыктары талкууланып, өнөктөштөргө ыраазычылык билдирилди. 

Мындан тышкары, 2025-жылдын иш-чаралар планы сунушталды.