1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Экономикалык-юридикалык факультети
  4. Экономика, эсеп жана каржы кафедрасы
  5. Жаңылыктар

6 месяцев назад

108

1

“Илим – ийгиликтин ачкычы”

2024-жылдын 29-ноябрында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин экономикалык-юридикалык факультетинде студенттердин арасындагы “Илим – ийгиликтин ачкычы” аталышындагы илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференция салттуу түрдө Кыргыз Республикасынын Гимни менен башталып, факультетинин деканы, экономика илимдеринин доктору, профессор А.К. Аскарованын, факультеттин курамындагы экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын башчысы, экономика илимдеринин кандидаты, доцент Э.Н.Төлөнөвдун катышуучуларга арналган куттуктоо сөздөрү менен коштолду, конференциянын ишине ийгиликтер кааланды. Конференциянын жүрүшүн модератору экономика илимдеринин кандидаты, факультеттин илим боюнча декандын орун басары Д.Ш.Жолболдуева алып барды.

Конференциянын жүрүшүндө жалпысынан 10 доклад угулуп, алардын мазмуну кызуу талкууга алынды. Өздөрүнүн докладдары менен жигердүү катышкан студенттер Абдыманапова Малика (БЭк-1-23 тайпасы, илимий жетекчиси А.К. Аскарова), Тажибаева Альбина (БЭк-1-23 тайпасы, илимий жетекчиси А.Б. Карбекова), Асанбек кызы Нуриза (ФКк-1-21 тайпасы, илимий жетекчиси А.Т. Мамыралиева), Атыкеев Майрамбек (ФКк-1-22 тайпасы, илимий жетекчиси Э.Н. Төлөнов), Кутманова Эльназ (ФКк-1-24 тайпасы, илимий жетекчиси Д.Ш.Жолболдуева), Курбанбекова Мыскал (БЭк-1-23 тайпасы, илимий жетекчиси Ж. Садыралиев), Ормонов Аскат (ФКк-1-22 тайпасы, илимий жетекчиси Г.Б. Абдырахманова), Бакытбек уулу Ажыбек (БЭк-1-21 тайпасы, илимий жетекчиси А.М. Жороева), Мухтарова Айдана (БЭк-1-23 тайпасы, илимий жетекчиси Ч.С.Орозова) жана Шакиржанова Айзат (ФКк-1-22 тайпасы, илимий жетекчиси Н.К. Мусакулов). Конференциянын жыйынтыгында катышучууларга факультеттин сертификаттары тапшырылды.

Аягында Эркин микрофонго кезек берилип, анда каалоочулар өздөрүнүн конференция жөнүндөгү ойлорун билдиришти. Жалпысынан конференциянын иши ийгиликтүү болгондугу, мындай илимий иштерди мындан ары да күчөтүү зарылдыгы белгиленип, уюштуруучуларга, модераторго ыраазычылыктар айтылды.