"СПИД - кылымдын душманы"
2024-жылдын 27-ноябрында Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата "СПИД - кылымдын душманы" деп аталган ФКк-1-24 тайпасында куратордук саат өттү. Куратордук саатка тарбия иштери боюнча декандын орун басары Абдыманап кызы Нурия жана ФКк-1-24 тайпасынын куратору э.и.к., доценттин м.а. Гулчехра Батырбековна Абдурахманова катышты. Куратордук сааттын максаты – студенттерге маалымат жана санитардык-гигиеналык билим берүү. Студенттер СПИДдин белгилери, оорунун себептери, козгогучтун мүнөздөмөлөрү, жуктуруу ыкмалары, СПИДдин өнүгүү коркунучунун факторлору жөнүндө маалымат алышты. Студенттер арасында плакаттар конкурсу өткөрүлүп, жыйынтыгында жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.