“KISB Банк” ЖАКта жумуш ордунда окутуу
24-жылдын 26-декабрында экономикалык-юридикалык факультетинин экономика, эсеп жана финансы кафедрасынын ФКк-1-21 тайпасынын студенттери "Чет өлкөлөрдүн банк системасы" предмети боюнча жумушчу программанын бекитилген графигинин негизинде чеберчиликти жана терең кесиптик билимдерди өнүктүрүү максатында; жумуш ордунда иштөө үчүн зарыл компетенцияларды, анын ичинде коммуникация, командалык иш, көйгөйлөрдү чечүү сыяктуу инсандык компетенцияларды калыптандыруу боюнча банктын жетекчиси Курсантбек Аскарбекович Атабеков жана э.и.к., доцент Гулчехра Батырбековна Абдырахманова менен биргеликте Жалал-Абад шаарындагы ЖАК “KISB Банк” филиалында "Кыргыз Республикасындагы банк тутуму" темасында практикалык сабактарды өткөрүштү. Сабакта банк системасынын, КР УБ жана коммерциялык банктардын түзүлүшүнүн тарыхы, банк операцияларынын түрлөрү, Германиянын банк системасынын өзгөчөлүктөрү боюнча маселелер каралды.