Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге бюджетти пландоо жана божомолдоо боюнча окуулар өткөзүлдү
2024-жылдын 7-октябрынан 18-октябрына чейин Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин №175-р 22.04.24 токтомунун негизинде Ж.Абдырахманов атындагы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын буйрутмасы менен Жалал-Абад областынын жана Жалал-Абад шаарынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин квалификациясфн жогорулатуу жана кайра даярдоо максатында “Мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарында бюджетти пландоо жана божомолдоо” деген аталыштагы окуу курсу өткөрүлдү. Жогорудагы курска мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын финансы жана экономика бөлумдөрүнүн жетекчилери жана кызматкерлери катышты. Курсту Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын улук окутуучусу Мусакулов Нурбек Куралбекович өттү. Бул курста мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер бюджеттин долбоорун түзүүнү, бюджеттин долбоорун карооону жана бекитүүнү, бюджеттин аткарылышын жана аткарылгандыгы жөнүндө отчетту даярдап, бекитүүнү үйрөнүштү. Ошондой эле жакынкы үч жылга орто мөөнөттөгү бюджеттин божомолу (индикативдүү пландоо) жөнүндө түшүнүк алышты. Курстун аягында он беш мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер текшерүү тесттерин тапшырышып, сертификаттарга ээ болушту.