ЭНЕ ТИЛ - УЛУТТУК АР-НАМЫСЫБЫЗДЫН УЮТКУСУ
2024 - жылдын 25-сентябрында БЭк-1-24 жана ФКк-1-24 тайпаларында Кыргыз тили күнүнө арналган «Эне тил - улуттук ар-намысыбыздын уюткусу» аттуу куратордук саат өткөрүлдү. Тарбиялык саатта Эне тилибиздин улуулугун, бийиктигин даңазалаган ырлар окулуп, баяндамалар жасалды.
Куратордук саатка экономикалык-юридикалык факультеттин деканы э.и.д., профессор Аскарова А.К., тарбия иштери боюнча декандын орун басары Абдыманап кызы Н., БЭк-1-24 тайпасынын куратору э.и.к., доцент ТөлөновЭ.Н., ФКк-1-24 тайпасынын куратору э.и.к, доцент м.а. Абдырахманова Г.Б. эжеке агайлар катышышты.